Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 28/55
1-Май айыл аймагында кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн турак жайларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап, милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү жөнүндө
1-Май айыл аймагында кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн турак жайларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап, милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү жөнүндө, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.1-Май айыл аймагында, кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор 64 үй-бүлөнүн турак жайы милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлсүн;
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышы1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге жана ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |