Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-апрели № 280-т
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемеси:
– төмөнкүдөй мазмундагы 281, 282-пункттар менен толукталсын:
«281. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун башкы директору жана анын орун басары.
282. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Азербайжан Республикасы тарабынан тең төрагасы.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 2-тиркемесинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
««Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун башкы директору жана анын орун басары;
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Азербайжан Республикасы тарабынан тең төрагасы;»;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын жана топторунун лидерлеринин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөрү боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 750 сом өлчөмүндө (бир жүргүнчү үчүн) акы алынат.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |