Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 16-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 24-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары болуп төмөнкү депутаттар шайлансын:
1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет:
Акимбаева Гульнара Орозбековна - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;
Салямова Венера Хамзаевна - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Самаков Кубанычбек Карганбекович - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;
2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет:
Эсенаманова Чолпон Замирбековна - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;
Садырбаева Жылдыз Эсенбековна - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
Атажанов Ырысбек Ысламович - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
3) Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитет:
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;
Козуев Алишер Абибиллаевич - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
4) Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет:
Сагынаев Болот Турусбекович - "Элдик" депутаттык тобунан;
Култаева Гулшаркан Оконовна - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;
Аманова Санталат Абдылдаевна - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
5) Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет:
Масабиров Талайбек Айтмаматович - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;
Шабазов Бахридин Валиевич - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;
Чомоев Бакыт Муратбекович - "Элдик" депутаттык тобунан;
6) Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет:
Салымбеков Жумабек Мамытбаевич - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;
Талиева Камила Абдыразаковна - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
Абиров Жаныбек Болотбекович - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
7) Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет:
Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан;
Узакбаев Улукбек Камчибекович - "Элдик" депутаттык тобунан;
Кылычбаев Алтынбек Таирович - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
8) Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет:
Молдобекова Гулкан Сакиновна - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;
Баатырова Гүлнара Маришовна - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;
Карыбек уулу Улукбек - "Элдик" депутаттык тобунан.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.З.Түлөбаевди Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 455-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Чойбековду Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2022-жылдын 20-октябрындагы № 569-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.Ы.Атажановду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2022-жылдын 7-декабрындагы № 708-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2022-жылдын 21-декабрындагы № 772-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Масабировду Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 1433-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаеваны Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 1434-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичти Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2024-жылдын 17-январындагы № 1819-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эрбаев Алишер Ташбаевичти Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2024-жылдын 6-мартындагы № 1926-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзаровичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2024-жылдын 20-июнундагы № 2241-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Козуев Алишер Абибиллаевичти Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2561-VII;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саккараев Медербек Джаманкуловичти Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" 2025-жылдын 11-июнундагы № 3148-VII.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Тургунбек уулу |