Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-апрели № 54
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чет өлкөлүк жарандар, мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ошондой эле ушул Кодекстин 126-1 жана 126-2-беренелеринде каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 126-1 жана 126-2-беренелер менен толукталсын:
"126-1-берене. Тилемчилик
1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу, ошондой эле акча каражаттарын же башка материалдык баалуулуктарды алуу максатында коомдук жайларда тийишүү же тажатма кайрылуу -
20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткага чейин камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин чет өлкөлүк жаран тарабынан бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүгө алып келет.
Эскертүү. Эгерде адам бул аракеттерди ага карата дене бойлук же психикалык зомбулукту, коркутууну же мажбурлоонун башка формасын колдонуунун натыйжасында жасагандыгы аныкталса, ошондой эле ал адамдарды сатуунун курмандыгы деп таанылган учурда, ал ушул беренеде каралган аракеттер үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Ушул беренеде каралган аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын жараны жоопкерчиликке тартылган учурда, ички иштер органдары кармалган адамдын жашоо шарттарын изилдөө жана зарыл социалдык жардам көрсөтүү үчүн тартылып жаткан адам жөнүндө маалыматты социалдык коргоо органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.
126-2-берене. Тилемчиликке тартуу
1. Улгайган жарандарды, психикалык оорулардан жана бузулуулардан жапа чеккен адамдарды, кош бойлуу аялдарды, майыптыгы бар адамдарды тилемчиликке тартуу -
200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет чет өлкөлүк жаран тарабынан бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүгө алып келет.";
3) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "126-129, 131-беренелери" деген сөздөр "126 - 126-1-беренелери, 126-2-беренесинин 2-бөлүгү, 127-129-беренелери, 131-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 456-беренеде:
а) биринчи абзацтагы "125," деген цифралар "125-беренеси, 126-2-беренесинин 1-бөлүгү," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ички иштер органдары ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 107-1, 109-2, 109-3, 126, 126-1-беренелеринде, 126-2-беренесинин 2-бөлүгүндө, 127-129, 131-беренелеринде, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193-беренесинин 1 - 2-1, 4-5-бөлүктөрүндө, 271-беренесинде, 431-беренесинин 3-бөлүгүндө, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.";
5) 525-берененин 1-пункту "майда бейбаштык;" деген сөздөрдөн кийин "тилемчилик; тилемчиликке тартуу;" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
19-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Визасынын, жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүү укугун ырастоочу документтери (каттоо, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда качкындын ырастамасы) жок болгон же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдаланган, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максат менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинде же 126-2-беренесинде каралган укук бузууну жасаган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.";
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 126-2-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууда ички иштер органдары тарабынан аларга карага укук бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 2-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |