Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 121
Айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө маселесинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, депутаттар тобу тарабынан киргизилген Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Г.Т. Булазовага ишеним көрсөтпөө маселесин карап чыгып, ошондой эле эсептөө комиссиясынын төрагасынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын угуп чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын №3 протоколу бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин төрагасы Булазова Гульнара Токтомкуловнанын ыйгарым укуктары ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду деп эсептелсин.
3. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүлсүн.
4. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |