Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 122
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №6 токтому менен бекитилген иш регламентинин негизинде, эсептөө комиссиясынын төрагасынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын №3 протоколу бекитилсин.
2. Асаналиев Нурбек Бекташович Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |