Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 276
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2026-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин:
1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүнүн субъекти болуп саналган ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;
3) башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;
4) жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
5) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар болгон учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду тиркөө менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;
6) бажы органдары тарабынан – бажы контролун жүргүзүүдө;
7) салык органдары тарабынан – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы № 18 «Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы менен белгиленген чектөөлөрдүн чегинде;
8) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык функцияларын аткарган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан;
9) жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан.
2. Бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик укук коргоо органдарынын жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча профилактикалык иш-чараларды, консультацияларды туруктуу негизде жүргүзсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А.Касымалиев |

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-августундагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)

10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча.