МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 123
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №6 токтому менен бекитилген иш регламентинин негизинде, ачык добуш берүүнүн жыйынтыктарына ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Асадова Анара Карыпбаевна жана Давузова Мариям Юнуровна Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |