Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-апрели № 259
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 24 «Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 «Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 730 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 «Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишкердик иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |