Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №12
«МТС Көк-Ирим жана Жайыт комитети боюнча бюджет комиссиясынын корутундусу менен 3 жылдык бюджетин кароо»
«МТС Көк-Ирим жана Жайыт комитети боюнча бюджет комиссиясынын корутундусу менен 3 жылдык бюджетин кароо» боюнча Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболоттун маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко “МТС Көк-Ирим” Муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичиндеги ишмердүулүгү боюнча так маалымат берүү, ишканасынын счетундагы акча каражаттарын жана карамагындагы техникаларды толук түрдө “Атай” муниципалдык ишканасына өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2.“МТС Көк-Ирим” муниципалдык ишканасынын балансындагы эски комбайн мурдагы айыл өкмөт башчы Р.Секелеңовдон суралсын.
3.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко жана Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эпеев Акылбек Молдожумаевичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |