Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №13
«Атай айыл аймагындагы жер маселелери боюнча комиссия курамына депутаттарды киргизүү жөнүндө»
Атай айыл аймагындагы жер маселелерин кароо боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин сөзүн угуп, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясынын протоколун аткарууга алуу максатында, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагындагы жер маселелерин кароо боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
2.Атай айыл аймагындагы жер маселелерин кароо боюнча комиссия курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
А.Эпеев: - Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Б.Кураналиева: - Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
С.Топоев: - Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Б.Абдылдаев- Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары;
А. Өмүров: - Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Э.Нурманбетов: - Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
3.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |