Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №14
«Кара-Булак участогунун корук иштери жөнүндө»
Атай айыл аймагынын Кара-Булак участогунун корук иштеринин жүрүшү боюнча «Атай» муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак участогун коругандыгы үчүн 1 га жерге 900 сомдон корукчуга Кара-Булакта жери бар тургундар өзүлөрү төлөп беришсин.
2.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке жана Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |