Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №15
«Ак-Талаа каналынын сугат суусунун тарифи, сугаруу убактысы жөнүндө»
Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболоттун жана «Атай» муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековдун Ак-Талаа каналынын суугат суусу боюнча сессияда сүйлөгөн сөздөрүн угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Талаа каналынын суугат суусу биринчи суугатка 300 сомдон төлөнсүн.
2. 024-жылдын 21-майынан баштап Ак-Талаа каналынын суугатына 200 сомдон төлөнсүн жана 5 (Беш) саат суугаруу убактысына дагы кошумча бир саат кошулуп, жалпы 1 (Бир) гектар жер аянтын суугарууга 6 (Алты) саат убакыт берилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко милдеттендирилсин.
4.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке жана Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |