Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №16
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
398, 404-беренелерине ылайык КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398,404-беренесине ылайык Атай айыл аймагында КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статист-экономисти П.Найманованын маалыматын угуп, Атай айылдык кеӊешинин Регламентинин 2-главасынын 2.2 -пункттуна ылайык, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесине ылайык,
- Үй жанындагы короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн КЗ=1,3 өлчөмүндө белгиленсин;
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык,
-Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин участогу үчүн КЗ= 1,3 өлчөмүндө белгиленсин;
3.Бул токтомду аткаруу жагы экономист-статист П.Наймановага милдеттендирилсин.
4.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |