Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №17
«Атай айыл аймагында эстеликтерди орнотуу боюнча демилгечилердин сунуштары менен иш алып баруучу комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди,мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №96 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 20.03.2024-жылдагы №58-б буйругун, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 13.05.2024-жылдагы №127-б буйругунун негизинде иштелип чыккан Атай айыл аймагында эстеликтерди орнотуу боюнча демилгечилердин сунуштары менен иш алып баруучу комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө № 3 Арал китепканасынын башчысы Б.Чолпонкулованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагында эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары менен иш алып баруучу комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык жана Жобосу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы №3 Арал китепканасынын башчысы Б.Чолпонкуловага милдеттендирилсин.
3.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Манапбаева Кардыгач Медеткановнага тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |
| Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин V чакырылышынын депутаттарынын 20.05.2024-жылдагы кезектеги ачык IV сессиясынын №17 токтомуна 1-тиркеме |
Атай айыл аймагында эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди,мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлонун жана орнотуунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөчү коммиссиясынын курамы.
А.К. Жаныбаев - Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы;
Н.Байгулова - Жоопту катчысы;
Н.Б.Түркманова - Социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
Р.С. Секелеӊов - Жер жана турак-жайлар боюнча башкы адис;
Ж. Жөжөбаев - Атай айылынын айыл башчысы;
Бердибек уулу А - Бирдик айылынын айыл башчысы;
Б.А.Чолпонкулова - №3 Арал китепканасынын башчысы;
Атай айыл аймагынын өкмөтүнүн жооптуу катчысы: |
Н. Байгулова |
| Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин V чакырылышынын депутаттарынын 20.05.2024-жылдагы кезектеги ачык IV сессиясынын №17 токтомуна 2-тиркеме |
Атай айыл аймагында эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди,мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо
1-глава. Негизги жоболор.
1.Ушул жобо Атай айыл аймагындагы эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды (мындан ары-Эстеликтер) долбоорлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2.Ушул жобо Атай айыл аймагындагы Эстеликтерди долбоорлоонун, орнотуунун , эсепке алуунун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Эскиздик долбоор -жер участогунда объектти оптималдуу жайгаштырууну тандоого жана андан ары долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен объекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин аныктоочу келечектеги объект жөнүндө жалпы түшүнүк берүүчү долбоорлук чечимдеринин баштапкы баскычы.
4. Эстеликтерди долбоорлоо, даярдоо жана орнотуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Монументалдык даңазалоонун республикалык планына киргизилбеген , шаар куруу документтерине, жер пайдалануу жана шаар куруу эрежелерине, ошондой эле ушул жобонун талаптар ылайык келбеген эстеликтерди орнотууга жол берилбейт.
6.Эстеликтерди бир административдик-аймактык бирдиктин аймагында кандай болбосун жолу менен Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик , коомдук ишмерлердин, илим , маданият ишмерлердин жана башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтырууга бир жолу берилет.
2-глава. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнү тартиби.
7.Эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштарын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан каралат, ал жөнүӊдө жобо жергиликтүү кеӊештин токтому менен бекитилет.
8. Комиссия демилгечилерден келип түшкөн төмөндөгүдөй документтерди карайт:
1).мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын ,мекемелердин 100 дөн (жүздөн) кем эмес демилгечилерлен турган жарандардын тобунун өтүнүчү:
2) тарыхый же тарыхый-библиографиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын сиӊирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды, ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалымкаттарды;
3) объектинин жайгашкан жери анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта - схемасы;
4) элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандын административдик –аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) ушул Жобого ылайык бекитилген Эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) имараттын, курулуштун, курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин эстеликти орнотууга макулдугунун жазуу жүзүндөгү ырастамасын;
7) эгерде эстеликти орнотуу үчүн көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу болжолдонсо, көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун берүү зарыл;
8) демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси;
9) Ыйгарым укуктуу комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет, ал эстеликти орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
10) Эгерде эстелик Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искуство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
11) Эстеликтерди долбоорлоону жана орнотууну баштоо негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
12) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оӊ чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысы эстеликти орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
13) Административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөөлү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
3-глава Эстеликтерди жасап , орнотуу жана аларды демонтаждоо.
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стеллаларды,обелисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, эстеликтерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
15) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оӊ чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
16)Долбоорду жана Эстеликтер орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда шаар куруу кырдаалын, айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну эсепке алуу;
3)Мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4)Мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда мурда орнотулган обьекттердин бар экендиги эске алынат.Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын текстти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрдү,жарнактар,кулактандыруулар ж.б ) болбоого тийиш.
5) Мемориалдык такта жерден эки метр кем эмес бийиктикте, жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган обьекттердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат
17) Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык материалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка материалдар) жасалат.
18.) Тарыхый окуянын мааниси, инсандын сиӊирген эмгеги же баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскача тексте чагылдырылат. Чет тилиндеги жазууну колдонууга жол берилет.
19)Мемориалдык такталардын композициясында тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
20) Эстеликтерди архитектуралык-көркөм чечими алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаӊы элемент катары киргизилип жаткан чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө карама –каршы келбеши керек.
21) Эстеликтерди демонтаждоо төмөндөкүдөй учурларда жүргүзүлөт.
1) Эстеликтерди оӊдоо жана реставрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтер толук бузулганда жана оӊдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогондо;
3) Мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) ) Эстелик өзүм билемдик менен орнотулган обьект катары таанылган учурда.
22) Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик
менен орнотулган эстеликтер жана обьекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
4- глава. Эстеликтерди сактоонун жана эсепке алуунун тартиби
23. Имаратка, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат.
Оӊдоо иштери аяктагандан кийин имараттардын фасаддары талаптагыдай абалда сакталууга тийиш.
24. Муниципалдык аймакта жайгашкан Эстеликти муниципалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Эстеликти тиешелүү кабыл алуу, өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол-жобосу милдеттүү.
Муниципалдык аймакта орнотулган Эстеликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет,алар эсепке алат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону, күтүүнү жана оӊдоону жүзөгө ашырат.
Атай айыл аймагынын өкмөтүнүн жооптуу катчысы: |
Н. Байгулова |