Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №18
«Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы
көчөсүнө, Бирдик айылынын Акматбек атындагы көчөсүнө коюлган жарыктандыруу жөнүндө»
Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнө, Бирдик айылынын Акматбек атындагы көчөсүнө коюлган жарыктандырууларды документтештирүү, ГОСАКТсын алуу үчүн кеңештин сессиясында карап, токтом чыгарып берүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Арал айылынын Т. Жээналиев атындагы көчөсүнө, Бирдик айылынын Акматбек атындагы көчөсүнө коюлган жарыктандырууларды документтештирүү райондук шаар курулуш жана архитектура курулуш бөлүмүнөн суралсын жана тиешелүү иш кагаздары толукталып, документтештирилсин.
2.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |