Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №19
«Айыл өкмөтүнүн аппаратында контрактык негизде иштешкен кызматкерлердин айлык акыларына 2111- берене аркылуу кошумча айлык акы төлөө жөнүндө»
Айыл өкмөтүнүн аппаратында контрактык негизде иштешкен кызматкерлердин айлык акыларына 2111- берене аркылуу штаттык түзүмдө көрсөтүлгөн жумуштун оор шарттары үчүн төлөмдөр 30 (Отуз) пайызга чейин жана жылдын жыйынтыгы менен он үчүнчү эмгек акыларын төлөп берүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Ташматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн аппаратында контрактык негизде иштешкен кызматкерлердин айлык акыларына 2111- берене аркылуу штаттык түзүмдө көрсөтүлгөн жумуштун оор шарттары үчүн төлөмдөр 30 (Отуз) пайызга чейин жана жылдын жыйынтыгы менен он үчүнчү эмгек акылары төлөнүп берилүү жагы белгиленсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков | |
| 20-май 2024-ж Атай айыл өкмөтүнүн аппаратында контрактык негизде иштешкен кызматкерлердин 2111-берене аркылуу айлык акыларына кошумча төлөмдөр жөнүндө Атай айылдык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын №19 токтомуна тиркеме
| |
Атай айыл өкмөтүнүн аппаратында контрактык негизде иштешкен кызматкерлерге кошумча төлөмдөр боюнча тиркеме
№
| Наименование должностей | Штат. числ. | Надбавка за сложгость, качество, результаты труда, проявление профессиональной инициативы, ненормированный режим работы до 50% | 13-я заработная плата | |
| % | сумма | сумма | ||
1 | Староста | 1 | 30% | 5 280 | 37 429,33 |
2 | Староста | 1 | 30% | 5 280 | 25 168,00 |
3 | Староста | 1 | 30% | 5 280 | 27 104,00 |
4 | Инспектор ВУС | 1 | 30% | 5 280 | 27 104,00 |
5 | Экономист -статист | 1 | 30% | 6 690 | 38 021,34 |
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысы: А.К.Жаныбаев
Финансы-экономика бөлүмүнүн
башчысы: З.К.Ташматов