Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №20
«Арал айылынын Аттокуров көчөсүн асфальттоо
үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү
жөнүндө»
Атай айыл аймагынын Арал айылынын Аттокуров көчөсүн асфальттоо жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын Арал айылынын Аттокуров көчөсүн асфальттоо долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен бүткөрүлүп жаткандыктан, өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 518 482 (беш жүз он сегиз миӊ төрт жүз сексен эки) сом бөлүнсүн.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |