Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №21
«Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн сыртын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Атай айыл аймагынын Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн сыртын толук капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө жооптуу катчы Н.Байгулованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын Арал айылындагы өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын эӊ көйгөйлүү деп табылган М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн сыртын толук капиталдык ремонттон өткөрүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантынын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздүк салым үчүн 517 475 (беш жүз он жети миӊ төрт жүз жетимиш беш) сом акча каражаты 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |