Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-марты № 189-т
Расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемеси:
- төмөнкүдөй мазмундагы 69-пункт менен толукталсын:
«69. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары.»;
2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары;».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |