Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-апрели № 51
Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 12 Чүй облусунун облусунун Панфилов районунун Кайынды шаардык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 3 Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 7 Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 1 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 4 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 7 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 1 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;
2) Жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 7 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 4 Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 8 Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 2 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 13 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайынды шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 4 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 8 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 1 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык: "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
|
Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 51 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Москва району | |||
1 | Москва АШК, № 2, 06.04.2026-ж. (өз арызы 06.04.2026-ж.) | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Мусуралиев Азамат Эргешбаевич |
Панфилов району | |||
2 | Панфилов АШК, № 12, 08.04.2026-ж. (өз арызы 06.04.2026-ж.) | Кайынды шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Атабаев Нурмухамед Адилбекович (13) |
Чүй району | |||
3 | Чүй АШК, № 3, 08.04.2026-ж. (өз арызы 30.03.2026-ж.) | Онбир-Жылга айылдык кеңеши (№ 2 Прогресс шайлоо округу) | Айтбаева Гулукан Токтоналиевна |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
4 | Талас АШК, № 7, 09.04.2026-ж. (өз арызы 07.04.2026-ж.) | Беш-Таш айылдык кеңеши (№ 5 Кызыл-Туу шайлоо округу) | Сүйналиева Нурзида Койчумановна |
Бакай-Ата району | |||
5 | Бакай-Ата АШК, № 1, 06.04.2026-ж. (өз арызы 23.03.2026-ж.) | Бакай-Ата айылдык кеңеши (№ 5 Чоң-Алыш шайлоо округу) | Сулайманов Тагай Мырсакович |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
6 | Ноокен АШК, № 4, 09.04.2026-ж. (өз арызы 08.04.2026-ж.) | Кочкор-Ата шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Шамаматова Зиягуль Курбаналиевна (3) |
Ош облусу | |||
Өзгөн шаары | |||
7 | Өзгөн АШК, № 7, 02.04.2026-ж. (өз арыздары 28.03.2026-ж.) | Өзгөн шаардык кеңеши | "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясынан Каримова Мухаббатхон Турсинбаевна (3) |
8 | "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясынан Абдурахманова Мархабахон Номанжоновна (6) | ||
Ош шаары | |||
9 | Ош АШК, № 1, 07.04.2026-ж. (өз арызы 27.03.2026-ж.) | Ош шаардык кеңеши | "Мурас" депутаттык фракциясынан Абдырахман уулу Кутманалы (5) |
Баткен облусу | |||
Кызыл-Кыя шаары | |||
10 | Кызыл-Кыя АШК, № 1, 06.04.2026-ж. (өз арызы 03.04.2026-ж.) | Кызыл-Кыя шаардык кеңеши | "НДПК" депутаттык фракциясынан Гапиров Дамир Мамытович (9) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 51 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Өзгөн шаары | |||
1 | Өзгөн АШК, № 7, 02.04.2026-ж. (өз арызы 28.03.2026-ж.) | Өзгөн шаардык кеңеши | Абдрахманова Гулхумор Немаджановна (9) "Эл Биримдиги" саясий партиясы |
2 | Өзгөн АШК, № 7, 02.04.2026-ж. (өз арызы 30.03.2026-ж.) | Өзгөн шаардык кеңеши | Тажибаева Гүльбохор Юлдашбаевна (15) "Эл Биримдиги" саясий партиясы |
3 | Өзгөн АШК, № 7, 02.04.2026-ж. (өз арызы 29.03.2026-ж.) | Өзгөн шаардык кеңеши | Юлдашева Шахнозахон Адахамжановна (21) "Эл Биримдиги" саясий партиясы |
4 | Өзгөн АШК, № 7, 02.04.2026-ж. (өз арызы 30.03.2026-ж.) | Өзгөн шаардык кеңеши | Абдулахатова Мухабатхон Кодыржоновна (24) "Эл Биримдиги" саясий партиясы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 51 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
1 | Москва АШК, № 2, 06.04.2026-ж. | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Алкожоев Каныбек Сүйөркулович | Дыйкан |
Панфилов району | ||||
2 | Панфилов АШК, № 13, 08.04.2026-ж. | Кайынды шаардык кеңеши | Подгорный Евгений Анатольевич (21) "Ынтымак" саясий партиясы | Кайынды шаарынын № 1 орто мектебинде мугалим |
Чүй району | ||||
3 | Чүй АШК, № 4, 08.04.2026-ж. | Онбир-Жылга айылдык кеңеши (№ 2 Прогресс шайлоо округу) | Давлеталиева Назик Акылбековна | Убактылуу иштебейт |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
4 | Талас АШК, № 8, 09.04.2026-ж. | Беш-Таш айылдык кеңеши (№ 5 Кызыл-Туу шайлоо округу) | Асанова Чынаркан Өзүбековна | Талас районунун ЖДПБ № 11 ҮДТде медайым (КР ССМ) |
Бакай-Ата району | ||||
5 | Бакай-Ата АШК, № 2, 06.04.2026-ж. | Бакай-Ата айылдык кеңеши (№ 5 Чоң-Алыш шайлоо округу) | Саматов Мурат Замирбекович | Дыйкан |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
6 | Ноокен АШК, № 4, 09.04.2026-ж. | Кочкор-Ата шаардык кеңеши | Абдыраимова Гулгаакы Урубаевна (6) "Ынтымак" саясий партиясы | ЖАГУнун Кочкор-Ата колледжинде КТК |
Ош облусу | ||||
Өзгөн шаары | ||||
7 | Өзгөн АШК, № 8, 02.04.2026-ж. | Өзгөн шаардык кеңеши | Курбанов Негмат Баширахунович (8) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | Жеке чарба |
8 | Хасанов Арсланбек Мрахварович (10) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | Жеке чарба | ||
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
9 | Кызыл-Кыя АШК, № 1, 06.04.2026-ж. | Кызыл-Кыя шаардык кеңеши | Сапаров Манасбек Базарбаевич (12) "НДПК" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |