Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-апрели № 319
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Ашымбаева тарабынан демилгеленген "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 319 тескемеси менен жактырылган |
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Ашымбаева тарабынан демилгеленген "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган Мыйзамдын долбоору "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу маданият чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда китеп басып чыгаруу сыяктуу жөнгө салуу тармагы менен толуктоо аркылуу "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда маданият жаатындагы мамлекеттин милдеттеринин тизмегин китепти түзүүгө, жайылтууга, даңазалоого, колдонууга жана сактоого байланышкан басма ишин колдоо боюнча милдет менен толуктоо аркылуу "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Ошону менен бирге китеп басып чыгаруу боюнча коомдук мамилелер "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жөнгө салынган. "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-8-беренелеринин жоболорунун негизинде басма ишинин субъекттери басмалар, басма сөз продукцияларынын авторлору, даярдоочулары жана таркатуучулар, ал эми жарандар жана уюмдар, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары басмалардын, полиграфиялык ишканалардын жана уюмдардын уюштуруучулары боло ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасын жана 2-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени сунушталган өзгөртүүлөр декларативдик мүнөзгө ээ жана китеп басып чыгарууну өз алдынча укуктук жөнгө салууну түзбөйт.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Мыйзамдын долбоору расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп каралган.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын сунушталган долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.