Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-марты № 166
Квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талапты талдоо жана болжолдоо тартибин бекитүү жөнүндө
Эмгек рыногунун керектөөлөрүн талдоонун жана болжолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талапты талдоо жана болжолдоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда аталган Тартиптин негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн жана квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талапты талдоону жана болжолдоону координациялоону камсыз кылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар 2027-жылдан тартып тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
- жогоруда аталган Тартиптин негизинде 2027-жылдан тартып баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн аяктаган жылы кесиптер боюнча саны жана алардын жумуш менен камсыз болуу абалы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине үч жылда бир жолу берип турсун;
- баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу жайларына өз ишин пландоодо квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талаптын жана сунуштун божомолун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлиги тарабынан даярдалган сунуштарды пайдалануу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сунуштарды иштеп чыгуунун белгиленген циклине ылайык юридикалык жактардын ишинин түрлөрү боюнча кызматкерлердин саны жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин суроо-талабы боюнча тиешелүү маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 203 "Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |