Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-апрели № 55
"Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
"Которулма жана жөнөкөй векселдерге бирдиктүү мыйзам белгилеген Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 2, 73-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Мыйзамга карата Тиркеменин 2-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Вексель кагазда (кагаз жүзүндө) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталганда санарип кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө түзүлүшү керек.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |