Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 20-майы №22
«Атай айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө»
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынын 16.05.2023-жылдагы №4 протоколу бекитилсин.
2.Атай айылынын “Д.Залимтөрөев көчөсүнүн 2530 метрин жарыктандыруу” жана Атай айылына “Балдар ойноочу эс алуучу жай уюштуруу” үчүн “Үлүштүк дем берүүчү” мекемесине долбоорду даярдап, сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевке тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Н.Мейманбеков |