Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 21-апрели № 146
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдүн 4-главасында:
- 9-пунктта:
"Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Ж-Б | Аппараттын жетекчиси |
|
";
"Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Б-А | Башкармалыктын начальниги(***) | Аппараттын жетекчиси |
";
- 1-4-главаларга эскертүүдө:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(***) - административдик мамлекеттик кызмат орун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосу боюнча тиешелүү жылга штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде каралышы мүмкүн;".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:
- 10-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- белгиленген ченемдерге жана штаттык сандын чегине ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүн кошпогондо);";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген штаттык сандын жана башка ченемдердин жана тиешелүү жылга эмгек акы төлөө фондунун чегинде ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан бекитилет (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүн жана штаттык санынын чегин кошпогондо).".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзүү боюнча ченемдерди белгилесин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |