Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-марты № 69
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы (АКИА) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктунун негизинде
Александровка айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) мыйзамдык иш-аракеттери үчүн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн аймагы чек ара катары аныкталсын.
2. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы бекиткен уставдын жана протоколдун негизинде Москва районунун Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинен эсептик каттоодон өтсүн.
3. Александровка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актылардын маалымат базасына киргизүү иштерин камсыздасын.
4. Александровка айыл өкмөтү айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясына жана анын аткаруу комитетине, анын Уставына жана кызматташуу келишимдик ылайык Александровка айыл өкмөтүнүн аймагында иш-чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |