Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты № 68

Александровка айылдык кеңешинин "Беш-Корук айылындаагы бала бакчасынын жеңилдик төлөмдөрү жөнүндө" 2018-жылдын 19-февралындагы №44 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын күчүн жоготкондугуна байланыштуу

 

Александровка айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 1-апрелинен тартып Александровка айылдык кеңешинин "Беш-Көрүк айылындагы бала бакчасынын жеңилдетүү төлемдөрү жөнүндө" 2018-жылдын 19-февралындагы №44 токтому жокко чыгарылсын.

2. Беш-Көрүк айылындагы бала бакчанын жетекчиси жеңилдик төлөмдөрү менен колдонгон балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевке жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Давузова М.Ю.