Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-апрели № 251
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
10-пунктта «93», «243» деген цифралар тиешелүү түрдө «97», «239» деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |