Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январы № 57
Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга бюджеттик бөлүмдөрү боюнча штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн каржы-экономикабөлүмүнүн башчысы М.О.Маметованын "Александровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджеттик бөлүмдөрү боюнча штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн аппараты боюнча 25 штаттык бирдиги 673 298,4 сом бир айлык эмгек акы фонду менен, ыйгарым укуктар берилген адистер (статист, аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору) менен бекитилсин.
2. Александровка айылдык кеңешинин аппараты боюнча 1 бирдик (айылдык кеңештин жооптуу катчысы) 34 429,9 сом бир айлык эмгек акы фонду менен бекитилсин.
3. Турак жай коммуналдык тейлөөлөр бөлүмү боюнча 7 штаттык бирдик (6 кароолчу 5000 сом эмгек акы менен бекитилсин 0,5 ставка боюнча жана 1 от жагуучу) 15 000 сом бир айлык эмгек акы фонду менен бекитилсин.
4. "Китепканалар" бөлүмү боюнча 2 штаттык бирдик 0,5 ставкасы боюнча 15.065,6 сом бир айлык эмгек акы фонду менен бекитилсин.
5. "Маданият үйлөрү жана клубтар" бөлүмү боюнча 4 штаттык бирдик (3 бирдик 1 ставкасы менен, 1 бирдик 0,5 ставкасы менен) 38 241,3 сом бир айлык эмгек акы фонду менен бекитилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |