Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-апрели № 383-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атамбаев Сеидбек Алмазбекович Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Калбердиева Мавлюда Калмаматовна Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
5. «Элдик» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пунктта:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет:
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – «Элдик» депутаттык тобунан;
Акимбаева Гульнара Орозбековна – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Алиев Медербек Кубанычевич – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;
Ибрагимов Болот Адылбекович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Култаева Гулшаркан Оконовна – «Ишеним» депутаттык тобунан;
Мамытов Талант Турдумаматович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Салямова Венера Хамзаевна – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Таалайбек кызы Жылдыз – «Ишеним» депутаттык тобунан;
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – «Элдик» депутаттык тобунан;»;
б) 2-пунктчанын төртүнчү жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;».
г) 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет:
Аманова Салтанат Абдылдаевна – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;
Атажанов Ырысбек Ысламович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Кокулов Эрулан Калчороевич – № 28 көп мандаттуу шайлоо округунан, депутаттык топторго кирген эмес;
Машрапова Гүлай Эгемназаровна – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;
Сагынаев Болот Турусбекович – «Элдик» депутаттык тобунан;
Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – «Ишеним» депутаттык тобунан;»;
д) 5-пунктчада:
– төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«Ормонов Улугбек Зулпукарович – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;»;
е) 6-пунктчанын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
ж) 7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович – «Элдик» депутаттык тобунан;»;
з) 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Калбердиева Мавлюда Калмаматовна – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;»;
и) 8-пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
к) пункттун бүткүл тексти боюнча:
– «Мекенчил» деген сөз «Ынтымак - Мекенчил» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– «Ата-Журт» деген сөздөр «Эл үмүтү – Ата Журт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– «Адилет Кыргызстан» деген сөздөр «Ишеним» деген сөзгө алмаштырылсын.
7. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 8-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) «Мекенчил» деген сөз «Ынтымак - Мекенчил» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) «Адилет Кыргызстан» деген сөздөр «Ишеним» деген сөзгө алмаштырылсын.
8. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта «Адилет Кыргызстан» деген сөздөр «Ишеним» деген сөзгө алмаштырылсын;
9. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун бүткүл тексти боюнча:
а) «Адилет Кыргызстан» деген сөздөр «Ишеним» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) «Мекенчил» деген сөз «Ынтымак - Мекенчил» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) «Ата-Журт» деген сөздөр «Эл үмүтү – Ата Журт» деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |