Редакцияот 03.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

 

XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы

 

2026-жылдын 3-февралы № 12/71

Гавриловка айыл өкмөтүнүн, айыл аймагындагы айылдардын аталышын өзгөртүү жөнүндө

Гавриловка айыл аймагынын Аксакалдар сотунун кайрылуусун угуп жана талкуулуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди катоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобону эске алуу менен, Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн аталышы- “Жыламыш” айыл өкмөтү деп которулсун;

2. Чүй облустунун Сокулук районунун Гавриловка айылы- “Солто” айылы деп которулсун;

3. Чүй облустунун Сокулук районунун Романовка айылы- “Байтору” айылы деп которулсун;

4. Гавриловка айыл өкмөтү:

-айыл өкмөтүнүн, айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча уюштуруучулук, документтик, маалыматтык жана техникалык иш-чараларды жүргүзсүн;

-айыл өкмөтүнүн, айылдардын атын алмаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрсүн;

-жарандардын сунуштарынын протоколдору чогултулсун;

-айыл өкмөтүнүн, айылдардын атын алмаштыруу боюнча тиешелүү материалдар Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

5. Гавриловка айылдык кенештин жоопту катчысы ушул токтомдун күчүнө киришин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте камсыз кылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Б.М. Мамыркулов