Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна) |
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык айдын ичинде белгилүү татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерге эмгек акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы – компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү кошкондо, татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу). Эмгек акыга кошуп эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык маянага карата пайыздар менен белгиленет;
компенсациялык төлөмдөр – кызматкерлерге эмгектик же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтурууга багытталган төлөмдөр;
президенттик компенсациялык төлөм – кызматкерлерге (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) төлөм, ал эмгек акыга 15 000 сом өлчөмүндө, ал эми техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 5 000 сом өлчөмүндө белгиленет.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүү акыларын, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эсепке алынбайт.
Президенттик компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бирден ашык эмес штаттык бирдикке (1 ставкага) белгиленет;
дем берүүчү төлөмдөр – кызматкерлерге эмгектин сапаттуу жана өз убагындагы натыйжасына дем берүүгө багытталган төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматкерлерге алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди эске алуу менен белгиленет;
аткарылганына жараша эмгек акы төлөө формасы – көлөмү макулдашууда жана келишимде алдын ала сүйлөшүлгөн толук аткарылган иш үчүн кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акы;
типтүү штаттар – мекеменин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми.
3. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маянага жараша аныкталат. Ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык төлөмдөр башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) эске албастан кызматтык маянадан гана белгиленген өлчөмдө эсептелет.
4. Бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн райондук коэффициенттердин өлчөмдөрү жана колдонуу тартиби, ошондой эле маданият, искусство жана маалымат кызматкерлерине ушул Жободо көрсөтүлбөгөн башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн.
6. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилери аткарылганына жараша эмгек акы төлөө формасы колдонулуучу кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондунун чегинде аны колдонушу мүмкүн.
7. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча – маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине, борборлоштурулган бухгалтерия тейлеген уюмдар боюнча – кредиттердин башкы тескөөчүсүнө (биринчи кол коюу укугу менен) жана башкы бухгалтерлерге;
2) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына.
8. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен эмгек акыны эсептөөнүн башка тартиби аныкталган маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле башка башкаруу органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
2-глава. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр
9. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр айрым уюмдардагы жана алардын бөлүмдөрүндөгү иштин шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
10. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
– Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында иштегендиги үчүн үстөк;
– өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөк;
– жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө) үчүн үстөк;
– президенттик компенсациялык төлөм кызматкерлерге (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15 000 сом өлчөмүндө; техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5 000 сом өлчөмүндө белгиленет. Президенттик компенсациялык төлөм эмгек өргүүнү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, ошондой эле иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашпаган өлчөмдө төлөнөт.
11. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө) үчүн үстөк Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык төлөнөт.
3-глава. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр
12. Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндө эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
13. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
– илимий даражасы;
– ардак наамы («Эл», «Эмгек сиңирген»);
– уюмдардын жана мекемелердин «улуттук» статусу же «академиялык» ардак наамы;
– натыйжалуулукка дем берүүчү коэффициенттерди эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары;
– ишти координациялоо, иш процесстерин уюштуруу жана контролдоо, ошондой эле мекеменин жетекчилерине жана жетекчилердин орун басарларына төлөнүүчү мекеменин натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу.
14. Илимий даража үчүн, маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндө «Элдик» же «Эмгек сиңирген» ардак наамы үчүн, ошондой эле уюмдардын жана мекемелердин «улуттук» статусуна же «академиялык» ардак наамына үстөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик-укуктук актыларына ылайык төлөнөт.
15. Эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн үстөктөр мекеменин жетекчисинин чечиминин негизинде мекеменин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен келип түшүүлөрдөн 70 пайыздан көп эмес өлчөмдө эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
16. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн маданият, искусство жана маалымат системасынын кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
4-глава. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби
17. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдарына ар айлык үстөктөр (мындан ары – үстөк) белгиленет.
Үстөк эмгек акы төлөө системасында дем берүүчү төлөм болуп эсептелет жана маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндө квалификациялуу кызматкерлерди бекитүү жана кадрлардын кетүүсүн азайтуу максатында белгиленет.
18. Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүнүн кызматкерлерине театр-оюн-зоок ишканаларынын, китепканалардын, музейлердин, маданият сарайларынын жана үйлөрүнүн, клубдардын, телерадиокомпаниялардын, облустук медиаборборлордун, кино, басма, гезит редакцияларынын кызматкерлери, анын ичинде педагогикалык персоналга кирбеген, билим берүү мекемелеринде иштеген, кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, айрым категориядагы кызматкерлер кирет.
19. Иштеген жылдар – эмгек стажынын түрү жана белгилүү бир кесиптик иш жүзөгө ашырылуучу убакыттын аралыгын билдирет.
20. Үстөк орточо эмгек акыны эсептөөдө бардык учурларда эске алынат.
21. Үстөк иштеген стажына жараша кызматтык маянага карата пайыздык катышта төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– 3 жылдан 8 жылга чейин – 10 пайыз;
– 8 жылдан 13 жылга чейин – 20 пайыз;
– 13 жылдан ашык – 30 пайыз.
22. Иштеген жылдарга төмөнкүлөр кирет:
– маданият, искусство жана маалымат системасындагы уюмдардан жана мекемелерден аскерге чакырылган учурларда анык аскердик кызматта турган мезгили (20дан 25 жашка чейинки адамдар үчүн);
– бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүүдө турган мезгили;
– кызматкердин иш орду (кызмат орду) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык орточо эмгек акысы сакталган иште болбогон мезгили.
23. Кызматкерге төмөнкүдөй учурларда үстөк сакталат:
– иштен ажыратуу менен орточо эмгек акысын сактоо шартында окуу мекемесинде квалификациясын жогорулатууда же кайра даярдоодо;
– кызматкер орточо эмгек акысы сакталган кызматтык иш сапарда болгондо;
– кызматкер орточо эмгек акысы сакталган медициналык текшерүүгө жиберилгенде;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерге орточо эмгек акысы сакталган башка учурларда.
24. Эгерде кызматкерге үстөк дайындоого же өлчөмүн өзгөртүүгө укук төмөнкү мезгилдерде келип чыкса үстөктүн өлчөмүн өзгөртүү кызматкер ишке чыккан күндөн баштап жүргүзүлөт:
– акы төлөнүүчү ар жылдык же кошумча өргүүдө болгондо;
– эмгекке убактылуу жарамсыз болгондо;
– эмгек акы сакталбаган өргүүдө болгондо;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгондо.
25. Үстөк негизги иш боюнча үстөктүн жана кошумча акылардын бардык түрлөрүн эске албастан кызматтык маянага карата белгиленет.
26. Үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия (мындан ары – комиссия) тарабынан аныкталат.
27. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: уюмдун жетекчиси, жетекчинин орун басары, кадр жана юридикалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле уюмдун кесиптик бирлик комитетинин же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү.
28. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
29. Иш стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепче эсептелет. Эмгек китепче жок болгон жана анда иштеген мезгилдери жөнүндө керектүү жазуу жок болгон же так эмес жазууларды камтыган учурда иштеген жылдарды ырастоодо иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, өздүк эсептер кабыл алынат.
30. Комиссиянын үстөктү белгилөө жөнүндө чечими протокол менен таризделет.
31. Комиссиянын чечиминин көчүрмөлөрү эки нускада түзүлөт: бир нускасы үстөктөрдү эсептөө үчүн бухгалтерияга, экинчиси кызматкердин өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
32. Үстөк эмгек акы менен бир убакта төлөнөт.
5-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
33. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан каржылануучу эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каралат.
34. Демөөрчүлүк жардам түрүндө акча каражаттары алынган учурда маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүнүн кызматкерлерине сый акы жана эмгек акысына үстөк төлөө ар бир кызматкердин салымын эске алуу менен мекеменин жетекчилери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
35. Адабий сценарийлерди, оригиналдуу музыканы жазгандыгы үчүн автордук гонорарлардын жана сахнада оюн койгондугу үчүн сый акылардын өлчөмдөрү «Автордук укуктар жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук келишимдерде белгиленет.