Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 3-июлундагы № 131
Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды түзүүнүн, киргизүүнүн, эсепке алуунун, системалаштыруунун жана актуалдаштыруунун тартибин аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобосунун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук маалымат башкармалыгы:
1) ушул буйрука кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) ушул буйрукту жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
3. Ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
Министрдин биринчи орун басары (министр жок учурда) |
| С.Т. Ызакова
|