Загрузка документа…
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын «13» октябрындагы № 80
Жер участогун өткөрүп берүүгө жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Гроздь айылдык Кенештин депутаты Базаркулов У.Ш. сөзүн угуп жана талкуулап, Гроздь айылдык Кенеши,
ТОКТОМ кылат:
1. 227, 228 жайыт жеринин контурундагы жалпы аянты 2,2 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка арналыштагы жерлер» өндүрүштүк жана башка максатта Гроздь айыл өкмөтүнүн 227, 228 контурунгады жайгашкан жерлерди колдонуу үчүн уруксат берилсин.
2. Аламудун райондук администрациясына 227, 228 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 2,2 га болгон жайыт жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка арналыштагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу. Гроздь айыл өкмөтүнүн 227, 228 контурунгады жайгашкан жер.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гроздь айыл өкмөтүнүн м.а. жер боюнча адиси Н.К.Тунгатаровго жуктөлсүн.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы |
|
А.У.Усманов |