КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 292-VIII
"2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 27-январындагы чыг. № 15-704) "2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |