КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 294-VIII
"2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 2-мартындагы чыг. № 15-2216) "2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Б.Ибрагимов |