Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 1-апрели № 349-VIII
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 19-январындагы чыг. № 26-283) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 14-апрелинде https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7561 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |