Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/74
Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын, Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентин жетекчилике алуу менен Гавриловка айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 33859,9 миң сом олчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (атайын каражаттарды эске алуу менен):
-бюджет 30659,9 миң сом;
- атайын каражаттар 3200,0 миң сом.
2. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 33859,9 миң сом өлчөмдө № 2 тиркемеге ылайык. бекитилсин (атайын каражаттарды эске алуу менен):
- бюджет 30659,9 миң сом;
- атайын каражаттар 3200,0 миң сом.
3. 2027-2028-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгү боюнча болжол №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылдын 1-январына карата негизги эсеп боюнча 8355,4 миң сом №4 тиркемеге ылайык бекитилип, бөлүштүрүлсүн.
- атайын эсеп боюнча 1092,2 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык
5. Айыл аймак боюнча 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жана маданият мекемелеринин (клуб, музей, китепканалар, спорт) 2026-жылга карата штаттык ырааттамасы бекитилсин.
7. Дарыланууга 2 минималдуу эмгек акы өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин.
8. 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлсүн деп белгиленсин, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.
9. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысына бюджеттин аткарылышы процессинде чыгашалардын беренелеринин ортосунда, ошондой эле корголгон чыгашалардын беренелерин азайтпастан, чыгашалардын негизги топтору, подгруппалары боюнча жалпы чыгашалардын чегинде ассигнованиелерди кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.
10. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн ыйгарым укуктар боюнча максаттуу трансферттерди жана кирешелердин түшпөй калышы боюнча компенсацияларды алганда, максаттуу багыты боюнча пайдаланылсын.
11. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2026-жылга жалпы чыгашалардын 1% өлчөмүндө, 306,6 миң сом суммасында бекитилсин.
12. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга 150,0 миң сом бөлүү каралсын.
13. Ата-энелердин төлөмдөрүнүн эсебинен бир балага күнүнө 100 сом өлчөмүндө тамактануу нормасы белгиленсин.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджеттик комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |