ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/76
Гавриловка айыл аймагынын 2025/2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №137 токтомунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын 2025/2030-жылдарга карата социалдык социалдык-экономикалык өнүгүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтү:
-иш-чаралар планын өз убагында аткарууну камсыз кылуу багытында так чаралар көрсүн;
-иш-чаралардын каржылоосун тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен камсыз кылынсын.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемелер)
3. Ушул токтомдун күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |