Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/79
Курулуш жана катуу тиричилик калдыктарын кабыл алуу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл аймагынын “Көрктөндүрүү комбинатынын” жетекчисинин кайрылуусун угуп жана талкуулат, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Гавриловка айыл өкмөтүнүн Уставына ылайык, катуу тиричилик калдыктары менен иштөө тармагында ишмердүүлүктү тартипке келтирүү, таштанды чогултуу полигондун эксплуатациясын камсыз кылуу, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатуу максатында Гавриловка айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук районунун башка айыл аймактарынан Гавриловка айыл өкмөтүнүн таштанды полигонуна чыгарылган курулуш жана катуу тиричилик таштандыларынын жайгаштыруу тарифи 1 м3 үчүн 349 сом 90 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бекитилген тариф курулуш таштандыларын жана катуу тиричилик калдыктарын чыгарган, таашып келген жарандарга жана юридикалык жактарга колдонулсун .
3. Гавриловка айыл аймагынын “Көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасы:
- Гавриловка айыл өкмөтүнүн таштанды полигонуна курулуш таштандыларын жана катуу тиричилик калдыктарынын жайгаштырган Сокулук районунун башка айыл аймактары менен келишимдин негизинде иш жүргүзсүн;
- бекитилген тарифти колдонуп эсеп-кысап жүргүзүү жана тарифти сактоонун милдеттерин аткарсын.
4. Ушул токтомдун ишке кириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |