Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/81
Гавриловка айылынын маданият үйүнүн штаттык ыраттамасын бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Гавриловка айыл өкмөтүнүн Уставын жетекчилике алуу менен Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылынын маданият үйүнүн штаттык ырааттамасы төмөнкү курамда бекитилсин:
-маданият үйүнүн жетекчиси - 1 бирдик;
-маданият үйүнүн кароолчусу -1 бирдик;
-маданият үйүнүн кичи тейлөо персоналы -1 бирдик.
2. Гавриловка айыл өкмөтү:
- маданият үйүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жергиликтүү бюджеттен зарыл болгон өлчөмдө каржылоону камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага | Б.М. Мамыркулов |