Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 272
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 «Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 196 «Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегинде:
– «Башка жабдуулар» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 44–95-пункттар менен толукталсын:
«
44 | 7305 190000 | Кара металлдардан жасалган тышкы диаметри 406,4 мм ашкан, тегерек кесилиштүү, мунай же газ өткөргүчтөр үчүн түтүктөр, башкалар |
45 | 7308 90 980 9 | Кара металлдардан жасалган металл конструкциялар (9406 товардык позициядагы курама курулуш конструкцияларынан тышкары) жана алардын бөлүктөрү (мисалы, көпүрөлөр жана алардын секциялары, шлюз дарбазалары, мунаралар, торлуу мачталар, чатыр жапкычтары, курулуш фермалары, эшиктер жана терезелер жана алардын рамалары, эшиктер үчүн босоголор, жалюзилер, балюстрадалар, түркүктөр жана колонналар); кара металлдан жасалган металл конструкцияларда колдонууга арналган листтер, пруттар, бурчтуктар, фасондук профилдер, түтүктөр жана ушул сыяктуу буюмдар, башкалар |
46 | 8425 11 000 0 | Электр кыймылдаткычы менен иштеген таль көтөргүч жана көтөргүчтөр (скип көтөргүчтөрүнөн же транспорт каражаттарын көтөрүү үчүн колдонулган көтөргүчтөрдөн тышкары) |
47 | 8428 10 200 2 | Электр башкаруусу менен башка лифттер (мачталык көтөргүчтөрдү кошкондо) |
48 | 7318 15 900 8 | Гайкалары же шайбалары менен комплектте же аларсыз, башы бар, кара металлдардан жасалган бурамалар жана башка болттор |
49 | 7318 15 700 8 | Гайкалары же шайбалары менен комплектте же аларсыз, башы бар, алты кырдуу башы менен коррозияга туруктуу болоттон жасалган бурамалар жана башка болттор |
50 | 7318 15 890 0 | Гайкалары же шайбалары менен комплектте же аларсыз, кара металлдардан жасалган, башы бар, алты кырдуу башы менен бурамалар жана башка болттор, башкалар, чоюлууга 800 МПа же андан жогору бекемдик чеги менен |
51 | 7318 15 810 0 | Гайкалары же шайбалары менен комплектте же аларсыз, кара металлдардан жасалган, алты кырдуу башы менен бурамалар жана башка болттор, башкалар, чоюлууга 800 МПадан төмөн бекемдик чеги менен |
52 | 7318 15 110 0 | Гайкалары же шайбалары менен комплектте же аларсыз, туташ кесилиштеги пруттардан, профилдерден же зымдардан жонулуп жасалган, өзөгүнүн калыңдыгы 6 ммден ашпаган бурамалар жана башка болттор |
53 | 7318 16 900 0 | Ички диаметри бар башка гайкалар |
54 | 7318 16 300 8 | Коррозияга туруктуу болоттон жасалган гайкалар, башкалар |
55 | 7318 16 200 0 | Туташ кесилиштеги пруттардан, профилдерден же зымдардан жонулуп жасалган, көзөнөгүнүн диаметри 6 ммден ашпаган гайкалар |
56 | 7318 16 910 9 | Кара металлдардан жасалган гайкалар, ички диаметри 12 мм ашпаган башкалар |
57 | 7318 19 000 8 | Бурама сайы бар буюмдар, башкалар |
58 | 7326 90 940 9 | Кара металлдардан жасалган башка буюмдар, штампталган, башкалар |
59 | 7326 90 980 7 | Кара металлдардан жасалган башка буюмдар |
60 | 7610 90 900 0 | Алюминийден жасалган башка металл конструкциялар (9406 товардык позициядагы курама курулуш металл конструкцияларынан тышкары) жана алардын бөлүктөрү (мисалы, чатыр жапкычтары, курулуш фермалары, балюстрадалар, түркүктөр жана колонналар); металл конструкцияларда колдонууга арналган листтер, пруттар, профилдер, түтүктөр жана ушул сыяктуу алюминий буюмдары |
61 | 7616 99 900 8 | Алюминийден жасалган башка буюмдар |
62 | 8471 50 000 0 | 8471 41 же 8471 49 субпозицияларында сүрөттөлгөндөн башка, бир корпуста төмөнкү жабдуулардын бирин же экөөнү камтыган же камтыбаган маалыматтарды иштеп чыгуу блоктору: эстутум түзүлүштөрү, киргизүү түзүлүштөрү, чыгаруу түзүлүштөрү |
63 | 8482 10 900 8 | Башка шариктүү подшипниктер |
64 | 8482 20 000 9 | Башка конустуу ролик подшипниктери, анын ичинде сепаратору жана роликтери бар ички конустуу шакекчелери |
65 | 8483 30 320 9 | Шарик же ролик подшипниктери үчүн корпустар башкалар |
66 | 8501 52 200 1 | 750 Вт ашык, бирок 7,5 кВт ашпаган, асинхрондук номиналдык чыгуу кубаттуулугу менен өзгөрүлмө токтун көп фазалуу башка кыймылдаткычтары |
67 | 8504 21 000 0 | Кубаттуулугу 650 кВА ашпаган суюк диэлектриктүү трансформаторлор |
68 | 8504 23 000 1 | Кубаттуулугу 148 000 кВА суюк диэлектриктүү трансформаторлор |
69 | 8504 32 000 9 | Кубаттуулугу 1 кВА ашык, бирок 16 кВА ашпаган электр трансформаторлору, башкалар |
70 | 8504 33 000 9 | Кубаттуулугу 16 кВА ашык, бирок 500 кВА ашпаган электр трансформаторлору, башкалар |
71 | 8504 34 000 0 | Кубаттуулугу 500 кВА ашык электр трансформаторлору |
72 | 8504 40 300 8 | Телекоммуникациялык аппараттар, эсептөө машиналары жана алардын блоктору менен колдонулуучу статикалык өзгөрткүчтөр, башкалар |
73 | 8504 40 850 0 | Кубаттуулугу 7,5 кВА ашпаган инверторлор |
74 | 8504 40 870 0 | Кубаттуулугу 7,5 кВА ашык инверторлор |
75 | 8531 80 950 0 | 8512 же 8530 т.п. жабдуулардан тышкары, үн же визуалдык сигнализациялык электр жабдуулары үчүн башка түзүлүштөр |
76 | 8544 70 000 0 | Электр өткөргүчтөрү же бириктирүүчү тетиктери менен бир топтомдо болгонуна же болбогонуна карабастан жекече кабыктары бар булалардан турган була-оптикалык кабелдер |
77 | 8544 49 950 9 | 80 В ашык, бирок 1000 В кем чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү, башкалар |
78 | 8544 60 100 0 | 1000 В ашык чыңалуудагы башка электр өткөргүчтөрү, жез өткөргүчтөрү менен |
79 | 9015 80 110 0 | Метеорологиялык, гидрологиялык жана геофизикалык приборлор жана инструменттер, электрондук |
80 | 8479 89 970 7 | Ушул топтун башка жеринде аталбаган же киргизилбеген, жеке функциялары бар башка машиналар жана механикалык түзүлүштөр |
81 | 9027 20 000 0 | Хроматографтар жана электрофорез үчүн приборлор |
82 | 8424 20 000 0 | Пульверизаторлор жана аларга окшош түзүлүштөр |
83 | 8504 31 800 7 | Кубаттуулугу 1 кВА ашпаган электр трансформаторлору, башкалар |
84 | 8517 62 000 3 | Эсептөөчү машиналардын башка түзүлүштөрү; телефондук же телеграфтык зымдуу байланыш үчүн коммутаторлор; алып жүрүүчү жыштыктагы зымдуу байланыш системалары үчүн же санариптик зымдуу байланыш системалары үчүн аппаратуралар |
85 | 9106 90 000 0 | Сутканын убактысын каттоочу аппаратура жана кандай болбосун саат механизми же синхрондуу кыймылдаткычы (мисалы, убакытты каттоочу, убакытты жазуучу түзүлүштөр) менен убакыт интервалдарын өлчөө, каттоо же кандайдыр бир ыкма менен көрсөтүү үчүн аппаратура, башкалар |
86 | 8504 40 550 0 | Аккумуляторлорду заряддоочу түзүлүштөр |
87 | 8517 79 000 1 | 8517 62 000 2 жана 8517 62 000 3 подсубпозициялардагы эсептөөчү машиналардын түзүлүштөрүнүн бөлүктөрү |
88 | 9032 89 000 0 | Автоматтык жөнгө салуу же башкаруу үчүн башка приборлор жана түзүлүштөр |
89 | 8504 90 170 0 | Трансформаторлордун, индуктивдүүлүк катушкаларынын жана дросселдердин бөлүктөрү, башкалар |
90 | 8538 90 990 8 | 8535, 8536 же 8537 товардык позициялардагы аппаратура үчүн гана же негизинен арналган башка бөлүктөр |
91 | 8517 69 900 0 | Үндү, сүрөттөрдү же башка маалыматтарды берүү же кабыл алуу үчүн башка аппаратуралар |
92 | 8544 60 900 9 | 1000 В ашык чыңалуудагы башка электр өткөргүчтөрү, башка өткөргүчтөрү менен |
93 | 8544 49 930 9 | 80 В ашпаган чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү, башкалар |
94 | 7614 10 000 0 | Алюминийден жасалган, электрдик изоляциясы жок, болот өзөктүү буралган зым, аркан, өрүлгөн жип жана ушул сыяктуу буюмдар |
95 | 7312 10 200 9 | Коррозияга туруктуу болоттон жасалган электрдик изоляциясы жок буралган зым, аркандар жана жиптер |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |