Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/83
“Гавриловка айыл аймагынын айылдарына балдар аянтчаларын орнотууга жабдууларды алуу” долбоорун бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын “Гавриловка айыл аймагынын айылдарында балдар аянтчаларынын жабдууларын алуу” долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Гаврилов айылдык кеңешинин Регламентин, айыл өкмөтүнүн Уставын жетекчиликке алуу менен, Гавриловка айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Гавриловка айыл аймагынын айылдарында балдар аянтчаларынын жабдууларын алуу ” долбоору бекитилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтү:
-жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдасын жана тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |