КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-февралы № 63
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штаттык санын 14 штаттык бирдикке көбөйтсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |