Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 3-марты № 228
Сейрек (орфандык) оорулардын катарына киргизүү критерийлерин жана тартибин, ошондой эле сейрек (орфандык) ооруларга чалдыккан жарандарды медициналык-санитардык жардам, анын ичинде дары менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркеменин 11-пунктун 17-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө Жобонун 11-пунктуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) критерийлердин Тартиби жана сейрек (орфандык) оорулардын катарына киргизүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) сейрек (орфандык) ооруларга чалдыккан жарандарды медициналык-санитардык жардам, анын ичинде дары менен камсыз кылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык расмий жарыялоону;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүүнү;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн төмөндө көрсөтүлгөн жактарга жөнөтүлсүн:
- мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн;
- милдеттүү түрдө так сактоо жана аткаруу үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына.
3. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери ушул буйрукту талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул буйрукту кабыл алуудан келип чыккан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санын чегинде жана тиешелүү жылдарга каралган бюджетинин алкагында ишке ашырылат.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөнүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Б.К.Кадыралиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
| Д.А. Осмонов |