Редакцияот 03.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

 

XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы

2026-жылдын 3-февралы № 12/86

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2- жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Гавриловка айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3. Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-марттагы №31 токтому жокко чыгарылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.М. Мамыркулов