Редакцияот 22.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 

от 22 апреля 2026 года № 420-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жеенчороев Мирлан Канатбековичти Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жеенчороев Мирлан Канатбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«жеенчороев Мирлан Канатбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;».

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«жеенчороев Мирлан Канатбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;».

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Ж. Таалайбек кызы