Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 25-апрели № 149
"Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомун кайра жандандыруу жөнүндө
«Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 931 624 364 (тогуз жүз отуз бир миллион алты жүз жыйырма төрт миң үч жүз алтымыш төрт) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесинен чыгаруу маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын технологиялык парктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун базасында индустриалдык парк түзсүн;
- «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын технологиялык парктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык индустриалдык парктын инфраструктурасын башкаруу боюнча укуктарын жана милдеттерин сактоо менен өндүрүштүк функцияларды жана тиешелүү активдерди (анын ичинде жабдуулар, цехтер, өндүрүштүк жайлар жана башка мүлк) туунду коомго өткөрүп бергенден кийин индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы деп аныктасын;
- Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында курулушту жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине кийин жеңилдетилген салык салууну берүү менен Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында курулуш долбоорлорун жана ишти жүзөгө ашырууну улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтсүн;
- мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында өндүрүлгөн товарларды улуттук режимден алып салууну белгилесин.
3. «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомуна ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле анын базасында түзүлүүчү индустриалдык парктын аймагын өндүрүштүк иштен бошотуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын, анын ичинде:
1) эки айлык мөөнөттө 278 024 364 (эки жүз жетимиш сегиз миллион жыйырма төрт миң үч жүз алтымыш төрт) сомду «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун алдындагы кредитин мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун, «Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын «Шаарсууканал» мекемесинин, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы пайда болгон карыздарын төлөөгө пайдалануу;
2) «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун уставдык капиталга 100 пайыз катышуусу менен туунду коомду түзүү жана ага жарык берүүчү диоддук SMD-лампаларды өндүрүүнү кеңейтүү жана айнек идиштерин өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өндүрүштүк ишти, ошондой эле капиталдык курулуш объекттерин, жабдууларды, мүлктүк жана материалдык эмес активдерди өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырууну туунду коомго жүктөө менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга акысыз негизде өткөрүп берүү;
3) туунду коомго кийин төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уставдык капиталын түзүүгө 653 600 000 (алты жүз элүү үч миллион алты жүз миң) сомду которуу:
- жүгүртүү каражаттарына кеткен чыгымдарды кошкондо, жалпы наркы 377 600 000 (үч жүз жетимиш жети миллион алты жүз миң) сомду кошумча автоматташтырылган өндүрүштүк линияларды сатып алуу жолу менен тиешелүү талдоолору болгон учурда (бизнес план, финансы-экономикалык талдоо) жарык берүүчү диоддук SMD-лампаларды өндүрүүнү кеңейтүү боюнча;
- жүгүртүү каражаттарына жана айнек калдыктарын тандап чогултууну жана кайра иштетүүнү уюштурууга кеткен чыгымдарды кошкондо, жалпы наркы 276 000 000 (эки жүз жетимиш алты миллион) сомду айнек идиштерин өндүрүүнү кеңейтүү жана диверсификациялоо боюнча;
4) Кыргыз Республикасынын сатып алуу жол-жобосун жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен SMD-лампаларды чыгаруу боюнча автоматташтырылган өндүрүштүк линияларды уюштуруу боюнча башкы подрядчыны жана жарык берүүчү диоддук SMD-лампаларды өндүрүүнү кеңейтүү үчүн жабдууларды берүүчүнү аныктоо, ошондой эле айнек идиштерин өндүрүүнү кеңейтүүгө жана айнек калдыктарын тандап чогултууну жана кайра иштетүүнү уюштурууга арналган товарларды Кыргыз Республикасынын сатып алуу жол-жобосун жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алууну камсыз кылуу.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдорго, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна сатып алуу жол-жобосун жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарларды түз келишим түзүү аркылуу сатып алууну жүргүзүү;
- жеке менчик формадагы чарбалык субъекттерге «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарларды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сатып алууну жүргүзүү.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому тарабынан ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын;
- Майлуу-Суу индустриалдык паркын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргызстандарт» стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын аймагына жарык берүүчү диоддук энергияны үнөмдөөчү лампаларды ташып келүүнү/импорттоону контролдоону жүргүзсүн, жарык берүүчү диоддук энергияны үнөмдөөчү лампаларды мыйзамсыз ташып келүүгө/импорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыкка ылайык зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |