КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-апрели № 155
IV Элдик Курултайдын резолюциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. IV Элдик Курултайда жарыш сөзгө чыккан делегаттардын сунуштарынын жана кайрылууларынын негизинде Элдик Курултайдын катчылыгы тарабынан иштелип чыккан тиркелген иш-чаралар планы мамлекеттик тилде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планын аткарууга алсын жана ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Элдик Курултайдын катчылыгына жиберип турсун.
3. Элдик Курултайдын катчылыгы ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоону, талдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын жана жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |